Бүгүн, 19-июлда Чилиде күчү 7,3 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Адистердин айтымында, жер титирөөнүн очогу эки миңдей адам жашаган Сан-Педро-де-Атакама кыштагынан 43 чакырым түштүк-чыгышта катталган.
Ага байланыштуу өлкөнүн президенти Габриэль Борич курмандыктар жана олуттуу кыйроолор боюнча маалымат жок экенин билдирди.
"Мен облустун өкүлү менен байланыштым, бүгүнкү күнгө чейин жабыркагандар жана олуттуу кыйроолор тууралуу маалымат жок. Бирок адистер маалымат чогултууну улантышууда", - деди ал.
Ошондой эле ал Борич Сан-Педро-де-Атакама кыштагында электр энергиясы өчүрүлгөнүн билдирди.