АКШнын учурдагы президенти Жо Байдендин айланасындагы жакындары ал коронавирус жуктуруп алган соң президенттик шайлоодон баш тартууну сунушташууда. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, Американын Демократиялык партиясынын жогорку даражалуу мүчөлөрү, партия лидерлери жана жакын достору Байден президенттик жарыштан баш тартышы керек деп эсептешет.
“Анын ден соолугунун абалы коомчулукка маалым, ал келечекте президент боло алабы деген күмөндүү ойду жаратат. Анын үстүнө көптөгөн демократтар эгер Байден көрсөтүлсө, партия президенттик шайлоодо гана эмес, 2026-жылдагы орто мөөнөттүү шайлоодо да жеңилип калат”, - деп билдирген партиялаштары.
Америкалык басылмалардын бирине АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Нэнси Пелоси Жо Байденди өз талапкерлигин алып салууга ачык чакырууга даяр экендигин билдирген.
Айта кетсек, кечээ, 18-июлда АКШнын президенти Жо Байден коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгын Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьердин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.