Израилдин Тель-Авив шаарында 19-июлга караган түнү учкучсуз учактын чабуулунан бир адам набыт болуп, 10 киши жарадар болгонун Израил маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка караганда, жарылуу Тель-Авивдин борборунда, АКШ элчилигинин имаратынан ондогон метр алыстыкта орун алган. The Times of Israel басылмасы каза тапкан киши 50 жашта болгонун, анын сөөгү жарылуу болгон жерге жакын жерден табылганын жазды. Ал жарылган учкучсуз учактын сыныктарынан каза болгону белгиленген.
Израил армиясы жардыруу аба бутасынын кулашынан улам болгонун айтып, бирок анын атып түшүрүлгөнүн ачыктаган жок.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти йемендик хуситтер өзүнө алды. Хусий өкүлү кол салууда "Яффо" аттуу жаңы учкучсуз учак колдонулганын белгилеп, хусилердин Газа тилкесинде палестиналыктарга тилектештик үчүн Израилге чабуулун уланта турганын кошумчалады.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр чабуулду Иранда жасалган Rotax компаниясынын учкучсуз учуучу аппараты жасаганын көрсөтүүдө.