Грецияда ысыктан улам туристтик жайлар жабылууда

Афинада катуу ысыктан улам туристтик жайлар жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Еuronews маалымдагандай, Грецияда ысык аптап бир жарым жумадан бери катталууда. Мындан улам Афинанын бийлиги Акрополь жана башка туристтик жайларды ысык күндөрү жабуу чечимин кабыл алды.

Буга байланыштуу синоптиктер ысык аба ырайы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кийинки аптага чейин болорун айтышууда.

"Учурда Европанын түштүгүндөгү бир катар мамлекеттерде абанын температурасы 40 градустан ашууда. Ал эми Римдин зоопарктарындагы жаныбарларга тоңдурулган азыктар берилүүдө. Ошондой эле чөп жей турган айбанаттарга музу бар мөмө-жемиштер, жырткычтарга тоңдурулган эт жана балыктар таратылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, былтыр да Грецияда аномалдуу ысык аптап катталып, жүздөгөн өрттүн тутанышына алып келген. Эс алуучу аймактардан 20 миңдей турист эвакуацияланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан