Windows глобалдык үзгүлтүккө учурап, дүйнөдөгү жүздөгөн компаниялар иштебей калды. Бул каттамдардын токтошуна, дүйнө жүзү боюнча банктардын жана ЖМКлардын ишиндеги көйгөйлөргө алып келди.
CNN АКШнын эң ири авиакомпаниялары байланыш көйгөйлөрүнөн улам каттамдарын токтотууга аргасыз болушканын жазды. Ушундай эле кыйынчылыктар Испаниянын жана Берлиндин аэропортторунда да пайда болгон.
Түрк аба жолдору жана Индиянын SpiceJet авиакомпаниясы онлайн кызматтары үзгүлтүккө учураганын билдирди. Аляскада ири масштабдуу байланыш бузулушу катталды. Австралияда байланыш операторлору, банк мекемелери жана авиакомпаниялар жапырт жабыркады.
Sky News гаджеттердин экранында көк фондо ""Компьютериңизге зыян келтирбөө үчүн Windows токтотулду" деген билдирүү пайда болгонун маалымдады.
Microsoft корпорациясы Windows 10 операциялык системасы CrowdStrike антивирус жаңыртуусунун катасынан улам бузулганын билдирди. Компания бул киберчабуул эместигин, кырдаал акырындык менен турукташып баратканын жарыялап, көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатканын белгиледи.