Измир шаарында токойдо ири өрт кырсыгы катталып, шамалдан улам жалын жай тургундардын үйлөрүнө чейин жеткен. Бул туурасында түрк басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, Газиэмир жана Бужа райондорундагы токойлуу аймактарда кечээ, 18-июлда өрт чыгып, анын кесепетинен эл аралык аэропорт үзгүлтүккө учураган. Кечке жуук жалын турак жайларга жеткен. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
“Өрттү өчүрүүгө 7 учак, 16 тик учак, 35 жердеги техника, 11 суу ташуучу унаа жана төрт бульдозер тартылган. Түркияда жыл сайын жай мезгилинде чоң токой өрттөрү катталат. 2023-жылы өрт бир нече провинцияга таасирин тийгизген. Орусия өчүрүү иштерине жардам берүү үчүн эки учагын жиберген", - деп айтылат маалыматта.