Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Хивадагы тарыхый жерлерге барды (сүрөт)

Бүгүн, 19-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин коштоосунда Хива шаарындагы Ичан-кала мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругуна жана Нуриллабой сарайына барды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, эки өлкөнүн лидерлери жубайлары менен “ачык асман алдындагы музей” деп аталган Ичан-кала комплексине барышты.

Ичан-кала - Борбор Азияда сакталып калган жалгыз эстелик-шаар. Анда 120дан ашык архитектуралык эстеликтер орун алган.

1990-жылы Хива шаары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилип, 1997-жылы 2500 жылдыгын белгилеген. 2020-жылы шаар Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору, 2024-жылы ислам дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланган.

Нуриллабой сарайы музейи XX кылымдын башында курулган. Комплекске медресе, галереялар менен байланышкан 100дөн ашык бөлмө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан