Дональд Трамп Байдендин президенттик шайлоодон баш тартуусуна реакция жасады

АКШнын мурдагы лидери Дональд Трамп учурдагы президент Жо Байдендин шайлоодон баш тартуу чечими тууралуу үн катып, аны "эң начар президент" деп атады.

"Президент Жо Байден өлкөбүздүн тарыхында эң начар президент катары калат", - деген Трамп.

Ошондой эле ал Демократиялык партиядан талапкер катары көрсөтүлүп жаткан Камала Харристи Жо Байденге караганда шайлоодо жеңүү оңойго турарын белгилеген.

Кечээ, 21-июлда президент Жо Байден алдыда боло турган президенттик шайлоого катышпай турганын билдирген. Ал вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын айткан.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан