Жо Байден колдоого алган Камала Харрис Трампты жеңүү үчүн бардыгын жасай турганын айтты

АКШынын лидери Жо Байдендин президенттик жарыштан чыгуу чечиминен кийин вице-президент жана Демократиялык партиянын болжолдуу талапкери делген Камала Харрис билдирүү жасаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал өз билдирүүсүндө Байдендин президент катары жасаган иштерин жогору баалай турганын белгилеп, анын талапкерлигин президенттикке колдогону үчүн сыймыктанарын айткан.

"Мен президенттин колдоосун алганыма сыймыктанам,муну менен катар талапкерликке татыктуу болууга жана жеңип чыгууга умтулам. Мен Демократиялык партияны жана элибизди Дональд Трампты жеңүү үчүн бириктирүүгө колумдан келгендин баарын жасайм. Биз чогуу күрөшөбүз жана бирге жеңебиз", - деген ал.

Белгилей кетсек, президенттик жарыштан баш тарткан Байден Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын айткан болчу. Демократтар азырынча расмий түрдө талапкер тандай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан