Жо Байденди президенттик жарыштан кетүүгө ким көндүргөнү белгилүү болду

Американын президенти Жо Байден өзүнүн эки жакын кеңешчиси Майк Донилон жана Стив Ричетти менен жолуккандан кийин ноябрдагы шайлоодон талапкерлигин алып салуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу CNN басылмасы өз булактарына таянуу менен жазды.

Алар Байденге жаңы кооптонуулар жана жаңыланган акча чогултуу статистикасын айтып беришкен, ошондой эле кеңешчилер кайра шайлануу мүмкүнчүлүгүн көрбөй жатышканын кошумчалашкан.

Ошондой эле кеңешчилер акыркы эки айдын ичинде биринчи жолу маанилүү штаттарда жүргүзүлгөн сурамжылоо абдан начар болгонун айтышкан. Сурамжылоодо Байден негизги делген 6 штаттын бардыгында артта калган. Керек болсо Виржиния менен Нью-Мексикодо да утулуп калган, ал жерде демократтар жеңишке жетүү үчүн жарнамага көп каражат коротушкан эмес.

Кечээ, 21-июлда президент Жо Байден алдыда боло турган президенттик шайлоого катышпай турганын билдирген. Ал вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын айтты.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан