"50 жашында турмушка чыккан, баласы жок". Жо Байден колдоого алган Камала Харрис тууралуу эмнелер белгилүү?

Камала Харрис - АКШнын учурдагы вице-президенти. Өлкөнүн лидери Жо Байден алдыда боло турган президенттик шайлоого катышпай турганын расмий жарыялагандан кийин демократтар анын ордуна Харристи көрсөтүшү мүмкүн. Демократиялык партиянын сенаторлорунун жарымынан көбү, ошондой эле Байден өзү да анын талапкерлигин колдой турганын жарыялады. SUPER.KG порталы 59 жаштагы Камала Харрис тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайт.

Теги азиялык

Камала Харрис 1964-жылы 20-октябрда Калифорниянын Окленд шаарында иммигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы - Шямала Гопалан, түбү Индиядан, биомедициналык изилдөө менен алектенген. Атасы - Дональд Харрис, ямайкалык. Ал экономист жана Стэнфорд университетинин экономика факультетине дайындалган алгачкы кара терилүү академик болгон. Экөө тең илимий даражаларга ээ болушкан. Камала 7ге, сиңдиси 5 жашка чыкканда ата-энеси эки ажырым жолго түшүп, кыздар энесинде калган. Кийин Камала 12 жашка чыкканда Канадага көчүп келишкен.

(Апасы менен)

Билими

Камала 1981-жылы Монреаль шаарында орто мектепти аяктап, Вашингтондогу Гарвард университетинде экономика жана саясат таануу багытына тапшырган. Окуу учурунда афро-америкалык студенттик коомдун мүчөсү болгон, университеттеги ар кандай дебаттарга катышып, тең укуктуулук үчүн күрөшкөн. Гарвардды аяктаган соң Сан-Францискодогу Калифорния университетинин Хастингс юридикалык колледжине тапшырган. 1989-жылы юридика илимдеринин доктору даражасына ээ болуп, прокурор болууга бел байлаган.

Эмгек жолу

Харрис карьерасын 1990-жылы Аламеда округунда прокурордун жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган. Сегиз жылдан кийин балдар жана үй-бүлө бөлүмү боюнча Сан-Францисконун райондук прокурордун жардамчысы катары иштеген. 2003-жылы Сан-Францисконун округдук прокурору болуп шайланган. Ал эми 2010-жылы Калифорниянын башкы прокурорлугуна ат салышып, жеңишке жеткен. 2014-жылы ушул эле кызматка экинчи мөөнөткө шайланган.

Афро-америкалык алгачкы вице-президент

2017-жылы АКШнын Сенатына шайланган. Сенатта иштеген учурунда ал бир нече комитеттерде иш алып барган. Сенат катары ошол кездеги башкы прокурор Жефф Сешнс менен Бретт Каваного, Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрүнө берген курч суроолору менен белгилүү болгон.

2019-жылы Калифорния штатынын Окленд шаарынан вице-президенттикке талапкер катары ат салышып, АКШнын тарыхындагы биринчи аял вице-президент болгон.

50 жашында турмушка чыккан

2014-жылы Камала Харрис юрист Дуглас Эмхоффка турмушка чыккан, алардын ортосунда бала жок. Ал эми юрист күйөөсүнүн мурдагы турмушунан эки баласы бар.













                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан