АКШда өзбекстандык жаран 4 адамды өлтүрүүгө шектелип кармалганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 19-июль күнү Нью-Йорк шаарынын Бруклин районунда болгон. 24 жаштагы жигит апасын, байкесинин аялын жана анын эки баласын бычактап өлтүргөн. Полиция кызматкерлери шектүүнүн 56 жаштагы энесинин сөөгүн шаардын көчөлөрүнүн биринен табышкан. Ал эми 5 жаштагы кыз менен 4 жаштагы баланын жансыз денелери үйдүн шкафынан табылган. Ошондой эле үйдүн ичинде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 27 жаштагы аялдын сөөгү болгон.
Полиция шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, ал буга чейин психикалык оору менен жапа чегип келгенин маалымдаган.
Өзбекстандык үй-бүлө мүчөлөрү АКШда 2007-жылдан бери жашап келишкен.