"Чиркей чаккандан жугат". Индияда аз изилденген "Чандипур" вирусунан 16 адам каза болгондугу айтылды

Индиянын батышындагы Гуджарат штатында "Чандипура" вирусун жуктурган 50 учур катталып, 16 адам каза болгонун мамлекеттик саламаттыкты сактоо министри Рашикеш Пател билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, башка штаттарда үч адам жуктуруп алган. Учурда алдын алуу жана залалсыздандыруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат.

Ошондой эле бул жугуштуу оору Индиянын аймагында мезгил-мезгили менен пайда болот. 2003-жылы 329 бала аны жуктуруп, анын 183 учуру өлүмгө алып келгендиги кошумчаланган.

Маалымат үчүн: Чандипура вирусу биринчи жолу 1965-жылы аныкталып, Индиянын Махараштра штатындагы айылдын атынан аталган. Жугуштуу оору чиркей чаккандан тараары аныкталган. Ысытма, баш оору, талма жана эсин жоготуу оорунун алгачкы белгилери болуп саналып, өлүмгө чейин алып келиши ыктымал. Анын учурда дарысы же ага каршы вакцинасы ойлоп табыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан