Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кыздары эмнеге кармалганын айтты

Бүгүн, 22-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

"Мен так кесе айтып коёюн, биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт. Булар 2010-жылы Максим Бакиевке тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын «Капитал банк» деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери «Капитал банк» болуп иштеп келе жатат", - деди Ташиев.

Атайын кызматтын төрагасы мындан сырткары Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышканын, ал жерлер мамлекетке кайтарылып жатканын айтты.

"Илгерки Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышкан. Аны болсо бир тууган кайнисине каттатып алган. Жөнөкөй эл үй курууга төрт сотых жерге жетпей жүрсө, булар Бишкектин чок ортосунан 1,5 гектар жери менен кошо килейген бир заводду ээлеп алышкан. Мен буларды менчигиме же жеке чөнтөгүмө алып жаткан жокмун. Мамлекетке кайтартып жатам. Мисалы, ошол эле арак заводунун 1,5 гектар жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элге үйлөрдү салып беребиз. Банкты болсо сатып, андан түшкөн акчаны ошол эле МИКке үйлөрдү салганга жумшайбыз.

Дагы бир иш — Чолпон-Ата шаарында 18 гектар жерди дагы мыйзамсыз алып, «Акун» деген пансионат салып алышкан. Ал жакта да эл жарым сотых жерге жетпей зарлап жүрүшөт. Булар 18 гектар жерди ээлеп жатышат. Биз аны тартып алып аткан жокпуз. "Жердин баасын мамлекетке төлөп койгула" деп жатабыз.

Чыныбай Турсунбековдун кыздары мына ушундай мыйзамсыз иштер менен алектенишип жүрүшөт. Андан калган мыйзамдуу бир да мүлкүнө тийбейбиз, мисалы, ун комбинаты, кафелери, үй мүлкү жана башка. Ал эми мыйзамсыз ээлеп алган мүлкүн — элдин акысын буларга жедирбестен, элге кайрып беребиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Чыныбай Турсунбековдун эки кызына Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча иш козголгон. Айдай Турсунбекова 24-августка чейин камакка алынса, ал эми дагы бир кызы 24-августка чейин үй камагына алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан