Ошто аялдын ишенимине кирип, 700 миң сомун жана BYD E2 үлгүсүндөгү унаасын алып кеткен деп шектелген 1987-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, ал унааны башка үлгүдөгү BYD үлгүсүндөгү автоунаага алмаштырып берүүнү убада кылган. Бирок убадасын аткарбай, байланышка чыкпай койгон.
Шектүү соттун чечими менен бир айга камакка алынганы маалымдалды.