АКШ президенттигине Республикачылардын атынан талапкер Дональд Трамп Мичиган штатында тарапташтары менен жолугуп жатып, оппоненттери сындагандай демократияга коркунуч жаратпай турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Алар мени демократияга коркунуч келтирип жатат дешет. Мен демократия үчүн эмне кылдым? Өткөн жумада ок жедим", - деген Трамп.
Ошондой эле өз сөзүндө куралдуу кол салуудан кийин ага Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана башка мамлекет жетекчилери кат жазганын айтып, бардыгына ыраазычылыгын билдирген.
Эске салсак, мурдагы президентке Пенсильвания штатында кол салуу болгон.