АКШнын мурдагы президенти Барак Обама азыркы мамлекет башчысы Жо Байдендин президенттик жарыштан баш тартышына байланыштуу билдирүү жасап, Демократтар мыкты талапкер чыгара аларын айтты. Бирок ал Камала Харрис тууралуу унчуккан эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Жакынкы күндөрдө бизди болуп көрбөгөндөй иштер күтүп турат. Бирок мен биздин партиянын лидерлери президенттикке мыкты талапкерди чыгара аларына толук ишенем", - деп жазган ал.
Ал эми Харристин талапкерлигин АКШнын дагы бир мурдагы лидери Билл Клинтон жана анын жубайы, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон колдоп чыгышты.
"Азыр Харристин шайлануусу үчүн бардык нерсе менен күрөшө турган мезгил келди", - деп жазышкан түгөйлөр X социалдык түйүндөрүндө.
Белгилей кетсек, жекшембиде Жо Байден президенттик жарыштан баш тартарын жар салып, ордуна Харристин талапкерлигин сунуштаган. Вице-президент бул үчүн ыраазычылыгын билдирген.