Хорватиянын Дарувар шаарындагы карылар үйүндө бир жаран ок чыгарып, беш киши каза болгон. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлашты.
«Такталбаган маалыматтарга караганда, бир адам карылар жана майыптар үйүнө кирип келип, ок чыгарган. 5 адам ошол жерден каза болгон, калгандарына медициналык жардам көрсөтүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү маалымат каражаттары кол салган адам кармалганын болжолдоодо, Хорватиянын Ички иштер министрлиги азырынча расмий билдирүү тарата элек.