Күндүн ысышынан улам Жерде электр көйгөйү жаралышы мүмкүн

Күндүн жогорку активдүүлүгүнөн улам Жер планетасында электр көйгөйү жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, Күндүн жогорку активдүүлүгүнөн геомагниттик бороондор пайда болушу ыктымал. Бул заряддуу бөлүкчөлөр Жердин магнитосферасы менен өз ара аракеттенгенде электр линияларында жана түтүк өткөргүчтөрүндө электр тогу пайда болору айтылат.

"Бул индукцияланган токтор электр тармактарын үзгүлтүккө учуратып, электр энергиясынын массалык түрдө өчүрүлүшүнө, трансформаторлордун жана башка электр инфраструктурасынын бузулушуна алып келиши мүмкүн", - деп жазылат анда.

Энергетика компаниялары күндүн активдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана геомагниттик бороондордун электр тармагына тийгизген таасирин азайтуу үчүн коргоочу чараларды көрүп жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан