Өзбекстанда сот кордук көрсөтүүгө аракет кылган кишиге ортоңку манжасын көрсөткөн кызды жазалады

Коңшу Өзбекстанда 19 жаштагы кыз аны кордоого аракет кылган кишиге ортон манжасын көрсөткөнү үчүн жазаланды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 27-июнда 19 жаштагы кыз курбусу менен жолдон өтүп бара жатканда алардын жолун Матиз айдаган 40 жаштагы Кушмурод Бобомуродов тоскон. Ал кыздарга орой сөз менен унаага отуруусун талап кылган. Бирок кыздар андан баш тартышкан. Эркек киши болбой өжөрлөнгөндө 19 жаштагы кыз ага ортон манжасын көрсөткөн.

10-июлда Өзбекстандын Чиланзар райондук соту Бобомуродовду күнөөлүү деп таап, аны үч суткага административдик камакка алуу чечимин чыгарган.

Сот ошондой эле кылмышкерге ортоңку сөөмөйүн көрсөткөн кызды "Майда бейбаштык" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 1 миллион 20 миң сум (болжолдуу 8 миң сом) өлчөмүндө айып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан