"Баарын сырттан байкап". АКШда өлүп кайра тирилген киши эмне көргөндөрүн айтып берди

АКШнын жараны Винсент Толман клиникалык өлүмдү башынан өткөрүп, тигил дүйнөдөн көргөндөрүн айтып берди. Бул тууралуу Daily Star басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал бодибилдинг кошулмаларынын чоң дозасын ичип алгандан кийин 45 мүнөткө созулган өлүмгө туш болгон. Дарыгерлер аны сактай албай калдык деген ойдо өлүктөрдүн кабына салып коюшкан.

Ал эми Толман ошол учурда баарын сырттан байкап, көрүп турган. Ал тургай аны сактап калууга аракет кылган дарыгерлердин ойлорун дагы окуй алган.

Мындан тышкары Толман аркы дүйнөдөн ага Дрейк аттуу рух кызматкери ааламдын түзүлүшүн айтып бергенин, анын жаман жана жакшы иштерин көрсөткөнүн айткан. Тиги дүйнөдөн ага "Жер жөн гана мектеп. Ал жакта эч качан сот залы болгон эмес" деп айтышкан. Ошондой эле америкалык жаран тигил дүйнөдөн жашоонун маани-маңызын жана сүйүүнүн баасын сезгенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан