Өзбекстанда дарбыздар өтпөй, малга бере башташты (видео)

Өзбекстанда дыйкандар дарбыздарды талаага таштап, же малга тоют үчүн чогултушууда. Бул өлкө ичинде жана Борбор Азия өлкөлөрүндө дарбызга суроо-талаптын жоктугунан болуп жаткандыгын өзбек басылмалары жазып чыгышты.

EastFruit агенттигинин маалыматына ылайык, Өзбекстандын базарында жаңы дарбыздын дүң баасы төмөндөтүлгөн баалардын рекорддук көрсөткүчүнөн ылдыйлап, килограммы сегиз центти түздү.

«Бул баа талаадан терилип келип, базарга сатыкка коюлгандагы сумма болуп жатат. Төмөн баада дарбызды сатуу жөн эле пайдасыз болуп калат. Кылган эмгек акталбайт», - дешет адистер.

Баанын төмөндөшүнүн жана Өзбекстанда дарбызга суроо-талаптын дээрлик жоктугунун негизги себептеринин бири – Орусияга экспорттун аздыгы. Анткени ал жакта да дарбызга болгон баа түшүп, жеткирүү акталбай жатат.

Өзбекстанда дарбыздар өтпөй, малга бере башташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан