Социалдык тармактарда өзүнүн кайрымдуулук иштери менен таанымал болгон "Бет капчан киши" деген лакап ат менен белгилүү адам бул жолу ДЦП оорусу менен жабыркаган казакстандык 16 жашар кызга жардам берди.
Ал кезектеги каарманына үй тартуулаган видеону социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Анда ата-энеси таштап кеткен 3-топтогу майып кызды кубанычка бөлөгөнүн көрүүгө болот.
"Мени 3 айлык кезимде апам таштап кеткен. Атамдын да башка үй-бүлөсү бар. Учурда чоң энем менен батирде жашайм. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө апама болгон таарынычым бар. Апасы өз баласын таштап кеткени дурус эмес го деп ойлойм", - деген Айнур.
Ошондой эле ал эң чоң кыялы саламаттыгын чыңдоо экенин жана келечекте дизайнер, сүрөтчү болууну самаарын айткан.
Бет капчан киши Айнурга эки конверт берген. Анын биринде дарыланууга акча, экинчисинде үйдүн ачкычы салынган. Өспүрүм кыз күтүлбөгөн кубанычтан ыйлаганын көрүүгө болот.