Белгилүү шоумен, пародист жана ырчы Мерген Турган бүгүн 56 жашка толду.
SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Негизи мен 25-июнда төрөлгөм. Окууну аяктап жаткан кезде бейбаштык кылып рим цифрасы менен жазылган алтынчы ай деген жерине бир таякчаны кошуп коюп, ошо менен жетинчи ай, июль болуп калган. Апамдан уруш жеп, башыма муш жегем. Бардык документтеримде туулган күнүм 25-июль деп жазылган. Туулган күнүмдү мурун июль айында белгилеп келсем, акыркы жылдары июнда эле белгилеп калдым. Муну билбегендер бүгүн куттуктап жатышат. Өзүмдү майрамдатып үйүмө аппак эмеректерди алдым", - дейт ырчы.
Мерген Турган 1968-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Арашан жайлоосунда туулган. Ал ырчы катары “Ак бантик” ыры менен белгилүү болгон.

Ырчынын SUPER.KG порталына берген маектеринен үзүндү:
- "Европага сахнадагы эмгегим бааланбай дискриминация болгону үчүн жана үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кеткем. Эл талантымды баалайт, бирок мамлекет баалай албады. Учурда мен Германиядамын, майда-чүйдө жумуштар менен алекмин. Мындан сырткары тил үйрөнүп жатам. Немис тилин абдан жакшы билем деп айта албайм. Бул тил мен үчүн оор болду. Бирок оюмду түшүндүрүп, каяша айта алам. Немисче ырларды ырдап жүрөм, таза ырдайт экенсиң деп мактап калышат. Жыйырма өлкөнү кыдырып койдум, алдыда бара турган дагы башка өлкөлөр бар. Саякаттаганды абдан жакшы көрөм".
- "Мен ырчы болом деп кандай гана кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм. Дагы деле өтүп келе жатам. Эгер алыс жерге кетсең бардык нерсеге даяр болуу керек. Жок дегенде англис тилин билишиң керек. Бир кыйналганым, ушул күнгө чейин сагыныч кыйнайт. Мекенимди, бир туугандарды, балдарымды, неберелеримди, куда-кудагыйларды, досторумду, кесиптештеримди, эң негизгиси сахнаны сагындым. Акыркы күндөрү үйдө "Ала-Тоонун" жаңылыктарын коюп, үнүн катуу чыгарып тамактана турган болдум. Абдан кубанам, үйүмдө жүргөндөй болуп кубанып, каныгып калам. Биздин тамактарды да сагындым. Кыргызстанга барып, жети аймакты кыдырып, илгеркидей концерт берсем деген тилегим бар".
- "Чачым боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат. Мурун чачым узун, тармал болсо, эми өзүмдүн оюмдагыдай кылып жасадым. Бул менин чыгармачылык образым, ал эми жашоодо такыр башка адамдарбыз. Эл түшүнөт деп ойлойм, күйөрмандарымды образым менен кызыктыргым келет. Бир образда жүрө берген болбойт го".
- "Убагында "Эл артисти наамын сурагандан уялып калдым” дегем. Азыр уялбайм, бербегендер уялсын. Башка өлкөнүн мен сыяктуу ырчылары эркелеп, “Эл артисти” гана эмес, андан жогорку наамдарды да алып жүрөт. Чачымдын узун-кыскасына, көзүмдүн карасына, көгүнө карап эле бербей жатышат го деп да ойлом коём. Убакыт көрсөтөт да эми, албетте, наамды алгым келет, үмүтүм дагы деле бар. Тегерегиңдеги адамдар бир наамдын ээси болбосоң үстүңдөн карашат. Сени баалабай, көтөрмөлөбөй, үстүңдөн басып жаткан учурда бул сөздү айтууга туура келип жатат. Бул мактанчаактыкка жатса, анда кечирим сурайм. Бирок мен "Кыргыз Эл артистине" бардык жактан татыктуумун деп ойлойм".