Сокулукта бычакталып, кордолгон өспүрүм: Милиция маалымат берди

Сокулукта өспүрүмдү кордогонго шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 24-июлда саат саат 20:00 чамасында Сокулук районунун Калинин көчөсүндө орун алган. Милицияга жабырлануучу 16 жашар К.Ж.нын апасы 25-июлда кайрылган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 19 жаштагы Ч.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда өзүн “Принц” деп атаган улан өспүрүмдү кордоп жаткан видео тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан