Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев апасы Мая Алиевага козголгон кылмыш иши боюнча президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кайрылуу жолдоду. Видеокайрылуу адвокат Бактыбек Жумашевдин Facebook баракчасына жарыяланды.
"Апабыздын оорусуна байланыштуу кайрылуусун сиздерге жөнөтүүгө мажбур болуп жатабыз. Апабыз 76 жашта, өзү инсульт болуп, төшөктөн тура албай жатат, ошондуктан биз кайрылууга аргасыз болдук. Апабыздын үстүнөн УКМК иш козгоп, азыр Октябрь райондук сотунда каралып жатат. Болгон мүлктөрүбүздү, аталарыбыздан калган неберелерибиз жашап жаткан үйлөрүбүздү конфискациялоо үчүн соттук отурумдар бат өтүп жатат. Апабыздын отуруму үйдө өтүп жатат. Биз эч кандай мамлекеттик жумуштарда иштеген эмеспиз, эч киге жамандык кылган эмеспиз, бизге эч кимден арыздануу түшкөн эмес", - деди ал.
Жолдошбек Көлбаев ишти адилеттүү карап берүүнү өтүнүп, чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн жеке жолугууларга кызыкдар экенин айтты.
"Коопсуздук кызматы биздин бардык мүлкүбүздү текшерип чыгышты. Эмне менен алек болуп жатканыбыздан бери текшеришти. Биз эч кандай саясатка аралашкан жокпуз, өзүбүздүн оокатыбызды кылып келе жатабыз... Сиздерден суранат элек, бардыгын мыйзам чегинде карап бериңиздер. Мен дагы сиздер менен жеке жолугушууну каалайт элем", - деп кошумчалады ал.
Мындан сырткары адвокат Жумашев сот процесси мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын билдирди.
"Мая Алиевага карата "мыйзамсыз табылган каражаттарды адалдоо" беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында 13 мүлк боюнча Октябрь райондук сотунда каралууда. Бул иште тергөө жагынан негиз таппай, чампалап эле сотко өткөрүп жиберишти. Мисалы, 1998-жылдан бери эле алынып келе жаткан, өзүнүн атына катталган мүлктөрдү азыр мыйзамсыз табылган мүлктөр деп жатышат. Айыптоо актысын карап көрсөк, анда маркум Камчы Көлбаевдин 2008-жылдан бери тапкан каражаттары мыйзамсыз болгон деп турат. Анда 2008-жылга чейин Алиеванын тапкан мүлктөрүнүн бул ишке кандай тиешеси бар?" - деди ал.
Ошондой эле адвокат тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу боюнча судья Бегалиевге өтүнүч келтиргенин, ал болсо өтүнүчтөрдү убагында карабай күндөн күнгө катары менен сот процесстерин коюп, бул ишке кызыкдар экенин көрсөтүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 4-октябрда УКМК Камчыбек Көлбаев атайын операция учурунда өлтүрүлгөнүн билдирген. Ошондон бери атайын кызмат ага жана жакындарына таандык делген мүлктөрдү аныктап, мамлекетке кайтаруу иштерин жүргүзүп келет.