Көзү ачык Кубаныч Мурзаев жол кырсыгынан каза тапкан

Кубаныч Мурзаев жол кырсыгынан каза тапкан. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 25-декабрда билдирди. 

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрь күнү таңкы саат алтылар чамасында Мерседес үлгүсүндөгү унаа “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо Мурзаевди сүзүп кеткен. Алган жараатынан улам ал ошол жерде каза тапкан. Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Ал эми маркумдун туугандары, кесиптештери жана окуучулары анын жол кырсыгынан улам каза болгонуна ишенбей тургандыктарын айтышууда. Алардын айтымында, Кубаныч акыркы күндөрү жанына жан сакчы алып жүрүп калган. Анын жашаган батирине киришкенде терезелери ачык болуп жана бөлмөсү, жуунуучу жайы чачык болгон. Анан да алар анын баш сөөгү, эки жамбашы, буттары быркырап сынып кеткендигин жана бети көнөктөй шишип, таанылбай калгандыгын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
faha
2013-12-25 17:10:22
kechee ele uurdalyp kishi kolduu boldu dep jazbadynar bele?
+3
admin_superstan
2013-12-25 17:27:22
faha, ал маалыматты маркумдун жакын санаалаштары берген. Ал эми бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн билдирди.
0
nurik77
2013-12-25 18:01:19
kozu achyk bolso, jol kyrsygy bolushun korbopturbu e???
+1
future_kg
2013-12-25 19:19:54
Тан атпай Манас аеропорту жакта эмне кылып журду экен!
0
Jiide.8792
2013-12-25 19:59:43
Супер инфо кечеле буро олтуруп койуптуо деп айтынар элего кимге ишенебиз я баарын териштирип анан айтып чыксанар же силерди да коркуттубу ааа
0
admin_superstan
2013-12-26 11:06:47
Jiide.8792, өйдөдө мындай суроого жооп берилген. Ал маалыматты маркумдун жакын санаалаштары берген. Ал эми бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.
0
АйАй
2013-12-26 01:01:40
бул ким озу?
+1
Shai
2013-12-26 13:25:51
АйАй, Жашоону алдын ала билет экен. Жашоону кудайдан башка эч ким билбейт эгер ушул адам билсе озунун омурун сактап калмак, болбосо алдын ала айтмак мен кинтип ушул куну тигилердин колу менен оломун деп. Кудай озуно шерик болгондорду эч качан кечирбейт. Бирок бул байкени эми кудай кечирсин.
0
sterva
2013-12-26 17:48:09
Shai, мындай козу ачыктар бироонун жашоосун коруп, оздорунукун коруп алышпайт имиш..
-3
Nyrik
2013-12-26 01:07:51
Танкы саат алтыда ал жакта не кылып журду экен? же ошол жакта жашайт бекен?
0
mirbakg
2013-12-26 06:38:28
Конечно Иимге авто кырсыкка кабылды деп койгону Жакшыда ! Изилдеп аны ким олтургонун издеп отурабы сразу ишти жаап койот !
+1
shiko
2013-12-26 08:35:52
mirbakg, жаны жылдын алдында баш оорутуп отурабы..
0
sterva
2013-12-26 11:29:14
Чын эле танкы саат алтыда эмне кылып журуптур ал жерде? Кызык
0
admin_superstan
2013-12-26 12:32:09
nazhiev80, көпчүлүккө таандык этика нормаларын бузууга жол берилбейт. Эсиңизде болсун!
0
misha00
2013-12-26 16:56:09
танкы алтыда дебесе кундузго кубо ким дейсинерда танкы алтыда куболор болбойт
-1
asmat6
2013-12-27 18:03:47
эй айланайындар чындыкты айткылачы аны эч кандай машина сузуп кетпей еле аны уйунон еле алып чыгып аябай сабап олтуруп туруп манас айылы жакка ыргытып жибериптир бул киши менин айылдашым кошунам болчу аны жуугандар айтышты эки беттин айбай бычак менен тилишкен аны ошол жаны-кызыл-суу элинин баары еле корушкон ал турсун анын кыздары москвадан учуп келишип жузун апып корушкондо кыздары да коргон эсин жоготуп койушкан аны ошол жердеги елдин баары еле коргон эмне болсо да ар ким оз жазасын алсын
+1
asmat6
2013-12-27 18:05:49
кудайым аны олтургондорду бул дуйнодо болбосо да аркы дуйнодо оз жазасын берсин чиедей балдары жаш калды балдарынын убалы жетсин ошол олтургон адамга убалы уктатпасын
+1
Sharos
2013-12-29 22:17:37
Машина сузуп кетти деген калп муну олтуруп эле койгон болуш керек бирок олтуруп анан жолго таштап коюшу мумкун, а менттер дагы алдап жатат аферисттерда биздин ментяралар
+1
legenda23
2014-02-11 19:50:22
Урматтуу сипер инфо гезити сиздерди да бийликтен кысым корсотуп же андай-мындай кылбагыла деп ишинерге киришип турабы? Жашырбай айтсанар сураныч
+1
Krai
2017-12-25 22:32:16
Кучтуу табып эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан