Сокулукта бычакталып, кордолгон өспүрүм: Козголгон кылмыш иши оор беренеге өзгөртүлдү

Сокулукта өспүрүмдү кордогонго шектелип кармалган жаранга козголгон кылмыш ишинин беренеси өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын ушул сыяктуу дагы башка окуяларга тиешеси бар экени аныкталып, кылмыштын курамы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинен (Бейбаштык), 138-беренесине (Уруп-сабоо кыйноо) которулду.

Эгерде шектүү "Бейбаштык" беренеси менен соттолсо, үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылмак. Ал эми "Уруп-сабоо кыйноо" беренеси боюнча үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланышы мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда өзүн “Принц” деп атаган улан өспүрүмдү кордоп жаткан видео тараган.

Милиция көп өтпөй 16 жашар өспүрүмдү кордогонго шектүү катары 19 жаштагы Ч.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан