Түндүк Кореядагы Амнок дарыясы нөшөрлөгөн жаандан улам ташып, ага жакын аймактар суу алдында калды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, 5 миңге жакын жайлуу тургундар коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүлгөн.
Нөшөрлүү жаандан улам сел каптаган аймактардагы эвакуациялоо иштерин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жеке көзөмөлүнө алган.