"Карыздын айынан". Өзбекстанда үрөй учурган кылмыш катталды

Коңшу Өзбекстандын Ташкент облусунда бир үй-бүлөнүн 5 мүчөсү кылмышкердин курмандыгы болду. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Ташкент облусунда белгисиз бирөө үй-бүлөнүн беш мүчөсүн, анын ичинде үч жаш баланы өлтүргөн. Тагыраагы, кылмышкер үйдү өрттөп, качып кеткен. Өрт коюлган үйдөн беш адамдын, анын ичинде үч баланын кесилген денелери табылган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 26-июль күнү саат 06:19да облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына Янгиюль районунун Нурафшон көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жетип барып, өрттү өчүрүшкөн.

Үйдү текшерүү учурунда ар кандай жаракаттарды алган беш адамдын (1991-жылы туулган эркек, 1999-жылы туулган аял, 2021 жана 2022-жылы туулган эки эркек бала жана 2018-жылы туулган кыз) жансыз денелери табылган.

Бул үрөй учурган факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Атайылап киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүү катары 29 жаштагы жаранды кармашкан. Башкы прокуратура кармалган адам өлтүрүлгөн үй-бүлө башчысынын тууганы экенин билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка карыз себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан