“Тирамису” таттуусунун жаратуучусу Роберто Лингуанотто 81 жашында каза болду

"Тирамису" десертинин жаратуучусу, кондитер Роберто Лингуанотто Италияда 81 жаш курагында көз жумду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, ал узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Дүйнөгө атагы чыккан таттууну кондитер өз мекени болгон Италиянын Тревизо провинциясында ресторандардын биринде иштеп жүргөндө ойлоп тапкан. Аны жасоодо кофе, таттуу токоч жана маскарпоне каймагы керектелген.

Ал чөлкөмдүн президенти Венето Лука Зайя кондитердин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтып, анын уникалдуу жана кайталангыс венециандык таттууларынын жаралышына кошкон салымын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан