Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин, биринчи кезекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын алтынчы жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.
Мындан тышкары аймактык коопсуздук жана эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар алдыга коюлган пландарды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үзгүлтүксүз байланыштарды жана бардык деңгээлдеги активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашышты.