Кечээ, 29-июлда Татарстандын Казань шаарынан Адлерге багыт алган жүргүнчү поездинин 8 вагону рельстен чыгып, 140 жүргүнчү жаракат алды. Анда жалпы 803 адам кетип бара жаткан. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, ооруканага 16 адам жеткирилген, алардын экөө поезд кызматкери болгон.
“Учурда бир тараптуу поезд жолу калыбына келип, иштеп жатат. Жаракат алгандардын көпчүлүгү жеңил. Аларга жеринде жардам берилди жана Казань-Адлер багыты боюнча жүргүнчүлөрдү жеткирүү үчүн резервдеги поезддер чыкты. Алар тамак-аш, суусундуктар менен камсыздалды”, - деп кошумчаланат маалыматта.