Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасады. Ал видео кайрылуусун бүгүн, 30-июлда Фейсбуктагы баракчасына бөлүштү.
Эл өкүлү Балыкчы-Барскоон унаа жолунун курулушу жай жүрүп жатканына нааразы болду.
"Акылбек Үсөнбекович, сиз өткөндө "мен өз көзөмөлүмө алдым, жолду бүтүрөбүз" дегенсиз. Бул жакты салып жаткан кыргыз жолчулары колдон келишинче аракет кылууда. Сизге чыгымдардын сметасын берген экен, ошол сметаны карап, "ооба" же "жок" деп бүтүрүш керек да бул жолду. Мына быйыл бүтүш керек эле, дагы эки жылга узартылды.
Өткөндө Ырысбек Бариев (ред.: транспорт жана коммуникация министринин орун басары) жок дегенде туристтик сезондо Кажы-Сайга чейинки жолду оңдоп беребиз деген. Оңдоп берген жок. Жолдун акыбалы начар, айдоочулар ыйлап жатат, машинелер талкаланып жатат. Эми айткандан кийин жасаш керек да. Берген сметаны карай элек экенсиздер, "дагы эле жооп жок" дешүүдө. Жолчулардын берген сметасын эртерээк карап бериңиздерчи", - деди Түлөбаев.
Эске салсак, 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Балыкчы-Барскоон жолу башталып, үч жылдан кийин ишке бериле турганы айтылган. Долбоор “Кумтөр” алтын кенинин акчасынан каржыланмак. Жолду алгачкы жолу ата мекендик компаниялар сала турган болгон.
Бирок жол белгиленген мөөнөтүнөн кеминде эки жыл кеч бүтөрү маалым болгон. Үстүбүздөгү жылдын март айында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу 2026-жылы аяктай турганын билдирген. Буга долбоордун шашылыш башталганы, жолчулар менен өкмөттүн баа боюнча бир пикирге келе албай жатканы себеп болгондой.
Балыкчы-Барскоон жолунун узундугу 141 чакырымды түзөт. Курулуш аяктагандан кийин анын төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланары күтүлүүдө. Курулушту эки жеке компания менен "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатканы айтылган.