Өзбекстандын Кыргызстан менен чек арасындагы эки бажы посту 24/7 режимине өттү. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.
Фергана облусундагы "Фергана" жана Шахимардан анклавынын кире беришиндеги "Ок-Киё" бажы посттору күнү-түнү тыныгуусуз жана дем алышсыз иштей баштады.
Маалыматта бажы постторун 24/7 режимине өткөрүү 2024-жылдын июль айынын ортосунда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунда жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашканы тууралуу айтылды.