Америкалык Пердью университетинин илимпоздору планетанын кээ бир аймактары келечекте глобалдык аптаптан улам жашоо үчүн кооптуу болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди. Адистер Батыш Африка менен Түштүк Азияны кооптуу аймактардын катарына кошууда. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, окумуштуулар климаттын өзгөрүшү боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнөн улам ушундай пикирге келишкен. Алардын айтымында, жылуулук толкундарынын таасирине дуушар болушу мүмкүн болгон аймактарга калктын жыштыгы өтө жогору жана кондиционерге жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген аймактар кирет.
“АКШнын кээ бир аймактарына да бул жагдай өз таасирин тийгизет. Азыркы апатаптуу күндөр келечекте салкын болуп калышы мүмкүн. Анткени климаттын өзгөрүшү менен ысык мындан ары күчөйт деген ыктымал бар”, - деп билдирген маалыматта.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө жылына 489 миңге жакын адам абанын температурасынын жогорулашынан каза болот. Аптаптан каза болгондордун чыныгы саны мындан да жогору болушу мүмкүн. Анткени мындай аба ырайында каза болгондордун расмий себеби инфаркт же инсульт деп айтылат.