Алматы шаарында жеке менчик үйдөн чыккан өрттү өчүрүү учурунда күйүп кеткен эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, каза болгондор улгайган жубайлар экени белгилүү болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, эркек киши өрткө чейин каза болгон. Ал эми анын аялынын өлүмүнүн себеби азырынча айтыла элек.
«Киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка барууга чыр-чатак жана кастык мамиле себеп болгон. Башка жагдайлар такталууда», - деп билдирген Алматы полициясы.