№13 Сузак бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер болууга эки киши арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак округу боюнча депутаттыкка ат салышууга Алтынбек Кылычбаев менен Санжарбек Энназаров арыз менен кайрылышкан.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 22-августта аяктайт. Ал эми шайлоо 22-сентябрда өтөт.
Белгилей кетсек, Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшырган. Ошол эле күнү Боршайком анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.