Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде абактан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда SUPER.KG порталына облустук соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди шаардык сот 30-июлда чыгарган.
"Соттук отурумда жабырлануучу келтирилген зыяндын орду толтурулгандыгын билдирип, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырууну өтүнгөн", - деп билдиришти соттон.
Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы А.К. аттуу жаран ишкерлерден акча алып жүргөн деген шек менен кармалаганын 13-июнда билдирген.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары кармалган адам Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун мурдагы жардамчысы Каныбек Асанбеков экенин жазып чыгышкан. УКМК тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет.