Анкара ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүн айыптайт жана бул окуя Газа тилкесиндеги кагылышуунун олуттуу курчушуна алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги шаршемби күнү билдирди.
"Бул киши өлтүрүү Газадагы согушту аймактык масштабга жайылтууну көздөйт. Бул Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун тынчтыкка жетүү ниети жок экенин көрсөтүп турат", - деп айтылат Түрк министрлигинин билдирүүсүндө.
Бүгүн, 31-июлда ХАМАС кыймылынын лидерлеринин бири Исмаил Хания жана анын жансакчыларынын бири Тегерандагы резиденцияга болгон аткылоодон улам каза болушкан.
ХАМАС кыймылы расмий билдирүү таратып, Исмаил Ханиянын өлүмү үчүн Израилди айыптады. Ошондой эле Ханияга болгон чабуул Ирандын жаңы президентинин ант берүү аземине катышкандан кийин болгонун маалымдады.