Олимпиаданын кылымдан ашык тарыхында жеңүүчүлөргө ыйгарылуучу медалдар көп өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Алгачкы ирет Грециянын Афины шаарында 1896-жылы уюштурулган олимп оюндарынын жеңүүчүлөрү алтын эмес, күмүш сыйлыктарга ээ болушкан. Экинчи орунду ээлеген спортчулар жез медалдары менен сыйланышкан. Анын алдыңкы бетинде Жеңиш Кудайы аталган Никаны кучагында кармап турган гректердин Зевс Кудайы тартылган. Арткы тарабында азыркы туристтердин эң көп катмары бара турган тарыхый эс алуучу жай Афины шаарындагы Акрополь жайгаштырылган.
1896-жылкы олимп оюндарынын алгачкы медалы
Кийинки оюндарда алтын, күмүш жана коло металдарынан жасалган адаттагыдай сыйлыктар топтому ыйгарыла баштаган. 1900-жылы Парижде өткөн олимп оюндары чоң өзгөртүүлөрдү киргизген. Анда төрт бурчтуу болуп жасалган медалдар тарыхта калып, бирок алгачкы жана акыркы жолу жеңүүчүлөргө берилген. Өзгөчө формада жасалган медалдын алдыңкы бетинде Жеңиш Кудайы, ал эми арткы бетинде жеңүүчү спортчу тартылган. 1904-жылы Сент-Луисдеги медалдарда алардын орундары алмаштырылган.
1900-жылкы Париж Олимпиадасынын медалы
1928-жылы Амстердамда өткөн оюндардын сыйлыктары флоренциялык скульптор жана сүрөтчү Жузеппе Кассиоли тарабынан иштелип чыккан. Ал чыгарган дизайны 1968-жылга чейин медалдарды түзүү үчүн үлгү катары колдонулган. Алдыңкы тарабы Жеңиш Кудайы Ника менен кооздолгон, анын колунда лавр гүлчамбары жана пальма бутагы болгон. Артында жеңүүчүнү эл колдоп, көтөрүп бараткан сүрөт түшүрүлгөн.
1928-жылкы Амстердам Олимпиадасынын медалы
1972-жылы Мюнхенде өткөн оюндардын алдында гана уюштуруучулар 44 жылдан соң биринчи ирет фундаменталдуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү чечишкен. Анын өзгөчөлүгү “Баухауз” көркөм агымынын өкүлү Герхард Маркстын мифтик эгиздери Кастор менен Поллукстун сүрөтү кошулган.
1980-жылы Москвада өткөн оюндарда анын арткы бети гана өзгөртүлгөн, аны скульптор Илья Постол ойлоп тапкан. Композицияда оюндардын эмблемасы, ошондой эле стадиондун жана олимп казанынын сүрөттөрү түшүрүлгөн.
1980-жылы Москва шаарында өткөн оюндагы медаль
Кийинки эки Олимпиадада медалдардын арткы бети гана өзгөртүлгөн: 1984-жылы Лос-Анжелесте эл көтөрүп бараткан спортчуну, 1988-жылы Сеулда тумшугуна зайтун бутагын илип, учуп бара жаткан көгүчкөндөр менен оюндун эмблемасы түшүрүлгөн.
1992-жылы Барселонада тапшырылган сыйлыктар испан скульптору Хавьер Корберо тарабынан иштелип чыккан. Анда Жеңиш Кудайынын образы жаңыртылып, арткы бетине секирген адамдын фигурасы коюлган.
1996-жылкы Атланта Олимпиадасынын уюштуруучулары медалдардын алдыңкы бетинде Ника Кудайы менен салттуу дизайнды иштеп чыгышкан, ал эми арткы бетинде - Олимпиада оту жана жылдыздар менен Атланта Оюндарынын эмблемасы, лавр бутагы жана биринчи заманбап Жайкы Олимпиада оюндарынын 100 жылдыгына арналган жазуу жайгаштырылган.
2000-жылы Сидней медалдарынын алдыңкы бетинде азыраак өзгөрүүлө кирип, шаардагы опера театры жана Олимпиада оту чагылдырылган. 2004-жылы Афинада өткөн оюндар үчүн сыйлыктын бети өзгөртүлүп, жеңиш кудайы (Ника) жана 1896-жылы биринчи Олимп оюндарын өткөргөн Панатинаикос стадиону жайгаштырылган. Арткы бети грек акыны Пиндардын олимп оюндары жөнүндө жазган ыр саптары менен кооздолгон.
2008-жылы Пекинде өткөн оюндарда медалдын алдыңкы бетине Кудай менен стадиондун сүрөтү калтырылып, арт жагы Кытай маданиятын чагылдырып, нефрит ташы менен кооздолгон. Лондон-2012 жайкы оюндары Олимпиада тарыхында эң чоң медалдары менен эсте калган.
2012-жылкы Лондондогу Олимпиаданын медалы
Рио-2016 үчүн алдыңкы бет анча деле өзгөргөн жок, бирок арткы бетинде лавр жалбырактары жана оюн эмблемасы тартылган. Өзгөчө алтын жана күмүш медалдарда колдонулган күмүштүн 30 пайызга жакыны кайра иштетилген унаа тетиктеринен алынган.
Токио-2020 Олимпиадасында уюштуруучулар медалдын арткы бөлүгүн гана өзгөртүшкөн – ага лавр гүлчамбарын, олимпиадалык шакекчелерди жана өткөрүүчү шаардын атын коюшкан. Ошол эле учурда өндүрүш үчүн кайра иштетилген материалдардан жасалганын өзүнчө баса белгилешкен.
2020-жылы Токиодо орун алган олимп оюндарынын медалы.
Олимпиада-2024
Учурда Парижде берилип жаткан медалдар Франциянын эң бай ишкери Бернар Арного таандык LVMH компаниясынын “Chaumet” («Шоме») зергер үйү тарабынан иштелип чыккан. Аны Франциянын борборундагы тыйын заводу жасаган.
Бул медалдардын ортосу алты бурч, анткени Франция дүйнөлүк картада ушундай түзүлүштө. Ал эми ага кеткен темир париждеги эң таанымал архитектуралык курулуш Эйфель мунарасынын металлы. Алты бурчтан соң чачыраган нурлар. Уюштуруучулар аны Франция дүйнө жүзүнө өз нурун чачыратып, жеңүүчүлөр анын арты менен таанылсын деген пикир калтыруунун аракетин көрүшкөн.
Париж-2024 оюндарындагы медаль
Ар бир медалдын четинде француз тилинде спорттун түрү, дисциплинанын жана окуянын аталышы чегилген.
Медалдын диаметри 85 миллиметр, калыңдыгы - 9,2 миллиметр. Ар бир медалда 18 граммдан Эйфель мунарасынын бир бөлүгү бар. Алтын – 529, күмүш – 525, коло медалы 455 граммды түзөт.
Жалпы 5084 даана медаль даярдалып чыккан.