Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө жооп иретинде Израилге түз кол салууга буйрук берди. Бул тууралуу New York Times ирандык үч булакка таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 31-июль күнү эртең менен Али Хаменеи Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин кезексиз жыйынын өткөргөн. Ал бул жыйында Израилге сокку уруу буйругун берген. Америкалык басылма үч булакка, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эки мүчөсүнө шилтеме жасаган. Алардын аты-жөнү айтылбайт, анткени алар эл алдында сүйлөөгө укугу жок.
Жооптук сокку так кандай болору белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, ирандык аскерлер Тель-Авив жана Хайфа аймагындагы аскердик буталарга учкучсуз учактар жана ракеталар менен сокку уруусу мүмкүн деп болжолдонууда.
31-июлда ХАМАС кыймылынын лидерлеринин бири Исмаил Хания жана анын жансакчыларынын бири Тегерандагы резиденцияга болгон аткылоодон улам каза болушкан.
ХАМАС кыймылы расмий билдирүү таратып, Исмаил Ханиянын өлүмү үчүн Израилди айыптады. Ошондой эле Ханияга болгон чабуул Ирандын жаңы президентинин ант берүү аземине катышкандан кийин болгонун маалымдады.