Венесуэладагы башаламандык учурунда 1000ден ашуун адам кармалды (видео)

Венесуэлада президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларында жарадар болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны 77ге жетип, бирөө каза болгонун өлкөнүн башкы прокурору Тарек Уильям Сааб билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта, тополоңго катышканы үчүн 1062 адам кармалган.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө башкы прокурор Уильям Сааб демонстранттарды өрттөө, зордук-зомбулук аракеттери жана башка укук бузуулар үчүн айыптады.

Ошондой эле Венесуэланын башкы прокурору учурда абал тынч экендигин билдирди.

Эске салсак, буга чейин 29-июлда Венесуэлада өткөн президенттик шайлоодо Николас Мадуронун жеңгени жарыяланган. Бул анын катары менен үчүнчү мөөнөтү болчу.

Ага ылайык, оппозиция шайлоонун жыйынтыктарын тааныган эмес. Миңдеген адамдарды чогулткан Каракаста нааразылык акциялары башталган. Ал эми Венесуэланын Коргоо министрлигинин башчысы Падрино Лопес оппозицияны төңкөрүш жасоо аракети үчүн айыптады.

Венесуэладагы башаламандык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан