Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта борбор калаада "Кыргыз темир жолунун" 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Мамлекет башчысы быйыл кыргыз тарыхында эбегейсиз орду бар Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн, башкача айтканда, азыркы Кыргызстандын жаралышына пайдубал болгон мамлекеттик түзүлүштүн негизделгенинин 100 жылдыгына удаалаш бир топ мааракелер салтанаттуу белгиленип жатканын билдирди.
Ошондой эле ал мамлекет үчүн темир жол тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
"Биз Советтер Союзунан 424,6 чакырым темир жолду мурастап калганбыз. Эгемендик жылдарында мамлекет тарабынан 1 метр дагы темир жолу курулган эмес, тескерисинче кемип кеткен, муну өзүңүздөр билесиңер. Мамлекетибиз үчүн темир жол тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылчылыгын түшүнүү менен 2022-жылдан баштап биз Кыргызстандын улуттук экономикасын өнүктүрүү үчүн зор стратегиялык мааниге ээ амбициялуу долбоорлорду ишке ашырууга кириштик.
Биздин темир жол экономикалык кризистерге, саясий өзгөрүүлөргө жана технологиялык кыйынчылыктарга карабастан иштеп да, өнүгүп да келатат. Мына ошондуктан Кыргыз темир жолу – өлкөбүздүн шаарлары менен райондорун байланыштырган жөн эле транспорттук артерия эмес, биздин транспорт жаатындагы жетишкен улуттук мурасыбыз", - деди Жапаров.
Мамлекет башчысы буга улай Кыргыз темир жолунун бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады.
"Бүгүнкү мааракеңиздер менен дагы бир жолу куттуктайм! 100 жылдык улуттук мурасыбызды аздектеп сактап келатканыңыздарга ыраазычылык билдирүү менен бирге, мындан аркы ишиңиздерге дагы албан-албан ийгиликтерди каалайм. Сиздердин тыным албаган аракетиңиздер менен кыргыз темир жолу заманбап, жаңы технологиялар менен жабдылган, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздаган транспорт жаатынын өзгөчө бир тармагына айлансын.
Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, жаңычыл аракет жана бакубат турмуш тилейм. Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу темир жолчулар!" - деди ал.