Тегеранда ХАМАСтын лидери Исмаил Хания акыркы сапарга узатылууда (видео) 

Тегеранда ракеталык чабуулдан набыт болгон ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи да катышты. Хания 2-августта Катарда жерге берилет.

Эске салсак, ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда Ирандын президенти Масуд Пезешкяндын ант берүү аземине катышып жаткан жеринен өлтүрүлгөн. Аны менен кошо жансакчысы да каза болгон. Ханиянын резиденциясына абадан сокку урулган.

Хамас бул үчүн Израилди айыптады. Израил бийлиги палестиналык саясатчынын өлтүрүлүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Тегеран ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны акыркы сапарга узатышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан