Бүгүн, 1-август күнү Кыргыз футбол биримдигинин башчысы Камчыбек Ташиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КФБдан билдиришти.
Маалымдалгандай, КФБ президенти капиталдык оңдоо иштери менен таанышып, оюн талаасынын абалын, трибуна алдында жайгашкан бөлмөлөрдү карап чыкты.
Белгилей кетсек, ушул жылдын сентябрь айынан тарта башкы стадион футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын үчүнчү турунун беттештерин кабыл ала баштайт. Ага карата стадиондун оңдоо иштери ыкчамдык менен жүрүп жатат.