"Уйкудан туруп эле келгендей". Түрк спортчусу Олимпиадада жабдыксыз чыгып, атактуу болду (видео)

Түркиялык ок атуучу Юсуф Дикеч Париждеги Олимпиада оюндарындагы оюнунан кийин интернетте популярдуулукка ээ болду.

51 жаштагы спортчу Париж Олимпиадасында башка ок атуучулардан айырмаланып, жаркыраган атайын көз айнек же ызы-чууну басуучу кулакчынсыз мелдешке чыккан. Мелдеш убагында ал колун чөнтөгүнө салып, жайбаракат абалда ок аткан сүрөтү интернет колдонуучуларынын арасында популярдуу болду.

Ошондой эле ал мелдешке мейманканада кийип жүргөн футболкасы менен келген.

Түрк спортчусу мелдеште достору менен бөтөлкөлөрдү атып жаткандай эле ок атып, жыйынтыгында аралаш жуптарда 10 метр аралыкка пневматикалык тапанчадан ок атуу боюнча күмүш медалга ээ болду.

Олимпиадада баарын таң калтырган түрк спортчусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан