Путин боштондукка чыккан орусиялыктарды "Внуково-2" аэропортунда тосуп алды

Орусиянын президенти Владимир Путин туткундарды алмашууда бошотулган орусиялыктарды тосуп алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Батыш өлкөлөрүнүн камагынан бошотулган 10 адам анын ичинде 2 өспүрүм Орусияга кайтып келди. Аларды борбордун "Внуково-2" аэропортунда ардактуу кароол тосуп алды.

"1-августта Орусия, Беларусь жана Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда Совет доорунан берки эң ири туткун алмашуу болду. Тизмеге жети өлкөдө абакта отурган 26 адам кирген. Бошотулгандардын 10у Орусияга келди", - деп айтылат маалыматта.

Абактагыларды өткөрүп берүү иши Түркиянын борбору Анкара шаарында өткөндүгү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан