"ХАМАСтын лидери, миллиардер жана көп баланын атасы". Иранда өлтүрүлгөн Исмаил Хания деген ким болгон?

ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания 31-июлда Тегерандагы резиденцияга болгон аткылоодон каза болду. 62 жаштагы Хания ондогон жылдар бою ХАМАСтын эң башкы фигурасы катары эсептелип келген. SUPER.KG порталы Исмаил Хания туурасында кызыктуу маалыматтарды топтоду.

Исмаил Хания деген ким?

Абу ал-Абд катары белгилүү болгон Исмаил Абдулсалам Ахмед Хания 1962-жылы (айрым маалыматтарда 1963-жылы) Газа шаарынын батышындагы Шати качкындар лагеринде төрөлгөн.

Анын ата-энеси 1948-жылы Араб-Израиль согуш учурунда азыркы Ашкелон шаарына жакын жердеги үйүн таштап, өз жеринен качууга аргасыз болушкан.

Орто билимди Газадагы мектептерде алган. Газадагы Ислам университетинде араб адабияты боюнча билим алган. Ал жерде Ислам кыймылына кошулган. 1985-1986-жылдары Газа Ислам университетинин студенттик кеңешинин жетекчиси болгон. Университетти 1987-жылы аяктагандан кийин окуу жайда окутуучунун жардамчысы болуп иштеген. Ушул эле жылы нааразылык акцияларына катышканы үчүн камакка алынып, кыска мөөнөткө абакта отуруп чыккан.

ХАМАС кыймылына мүчө болгонунан лидерликке чейин

1988-жылы ХАМАСтын мүчөсү болуп кирген. Ал топтун негиздөөчүлөрүнүн бири Ахмед Ясин менен тыгыз байланышта болгон. Ушул эле жылы Хания кайрадан камакка алынып, алты айга камалган. Кийинки жылы дагы камакка алынып, үч жылга эркинен ажыратылган.

1992-жылы абактан чыккандан кийин ХАМАСтын бир нече лидери жана 400дөн ашуун мүчөсү менен бирге Израиль менен Ливандын чек арасындагы Марж аль-Зухур аймагына депортацияланып, бир жыл бозгунда жүргөн.

1993-жылы декабрда Газага кайтып барып, Ислам университетинин деканы болуп дайындалган.

1997-жылы Хания ХАМАСтын лидери Ахмед Ясиндин жардамчысы болгон.

2003-жылы сентябрда Хания менен Ахмад Ясин Израилдин Газа шаарына жасалган аба соккусунан жеңил жаракат алышып, аман калышкан.

Алты айдан кийин Ахмед Ясин намаздан кийин мечиттен чыгып баратканда Израилдин аскердик тик учагынын аткылоосунан каза болгон.

2006-жылы Хания Палестинанын премьер-министри болуп, бул кызматты 2007-жылга чейин ээлеген.

Ахмед Ясин көз жумгандан кийин Хания ондогон жылдардан бери ХАМАСтын мүчөсү болуп, 2017-жылы радикал уюмдун саясий лидерлигине келген. 2019-жылга чейин Газа тилкесинде жашап, андан кийин Катар менен Түркияга бозгунга кеткен.

16 жашында үйлөнгөн

Исмали Хания 16 жашында Амаль Ханияга үйлөнгөн, экөө аталаш тууган болушкан. Ханиянын жалпысынан 13 баласы болгондугу айтылат. Тун уулу Абдель Салам учурда Газа спорт кеңешине жетекчилик кылат. Балдарынын арасынан Мааза эң бай деп эсептелинет, аны "кыймылсыз мүлктүн атасы" деп аташат.

Айрым маалымат каражаттары Исмаил Ханияны дүйнөдөгү эң бай палестиналыктардын бири деп аташкан, анын байлыгы 4 миллиард долларга бааланат.

Ханиянын туугандарына болгон чабуул

Ушул жылдын 10-апрелинде Газада аба соккусунан Ханиянын уулдары Амир, Мохаммед, Хазем жана неберелери набыт болгон. Хания балдары Иерусалим жана Аль-Акса мечитинин бошотулушу үчүн жанын курмандыкка чалганын айткан.

25-июнда Израилдин аба соккуларынан Ханиянын бир тууган карындашы Захр Хания жана башка жакын туугандары каза болгон. Ал эми апрель айында Ханиянын дагы бир карындашы Тел-Шевадагы үйүнөн "террордук уюмга мүчө болгон" деген шек менен кармалган.

Исмаил Ханиянын өлүмү

ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания 31-июлда Тегерандагы резиденцияга болгон аткылоодон улам каза болгон. Ал 30-июлда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын кызматка расмий киришүү аземине катышкан. Аны менен кошо жансакчыларынын бири да набыт болгон.

ХАМАС кыймылы бул үчүн Израилди айыптады. Израиль бийлиги Ханиянын өлтүрүлүшүнө байланыштуу расмий маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан