№13 Сузак бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны жетиге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
5-августка карата БШКга арыз менен кайрылган талапкерлердин тизмеси:
1) Алтынбек Кылычбаев;
2) Санжарбек Энназаров;
3) Нурдин Эрматов;
4) Манас Максутов;
5) Бейшенбек Бегматов;
6) Жыргалбек Сейдахматов;
7) Мелисбек Кошалиев.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 22-августта аяктайт. Ал эми шайлоо 22-сентябрда өтөт.
Белгилей кетсек, Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшырган. Ошол эле күнү Боршайком анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.